Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Путин менен Лукашенко жолугат


Владимир Путин менен Александр Лукашенко
Владимир Путин менен Александр Лукашенко

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко 3-апрелде Санкт-Петербург шаарында жолугушат. Алардын бул жолугушуусу эки өлкөнүн газ жана интеграция маселелери боюнча пикир келишпестиктер күчөп турган учурга туш келүүдө. Акыркы айларда Лукашенко бир нече ирет Орусияны сындаган.

9-мартта газ баасы боюнча талаштан кийин Беларустун президенти "өлкөсүн эч ким тизелетпесин" айткан. Андан бир ай мурда ал Орусияны келишимдерди бузду деп айыптаган.

Минскинин маалыматы боюнча, Москва Беларуска саткан газынын баасын эки эседен көп кымбаттаткан. Лукашенко Орусия менен мамилесин бузарын да ишара кылган.

XS
SM
MD
LG