Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы даярдалат


Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышы болот. Жыйынга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев катышат.

Анда 2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары каралмакчы. Мындан тышкары өлкөнү 2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо маселеси талкууга алынат.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Аталган кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министр-жетекчилер мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG