Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жапониянын бир катар компаниялары менен жол оңдоо жана курулуш тармагында кызматташуу маселесин талкуулады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Абдылдаев 29-31-мартта Токиодо Shimizu Corporation, Tokyo Rope MFG Co.Ltd жана Nippon Signal Co. Ltd ишканаларынын жетекчилери менен жолугушту.
Апрелдин ортолорунда Бишкекке жапон ишкерлери келип, ушул маселени дагы бир жолу сүйлөшөрү айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Эрлан Абдылдаев Жапонияга эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун 25 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн барган.
Кыргызстан буга чейин жол куруу тармагында негиинен Кытай менен иштешип келген. (SE)