Кыргызстандын чек ара аймактарында жашаган колунда жок кишилерге жардам берүү максатында "Көмөктөш бол" аттуу кайрымдуулук фонду ачылды.
Муфтияттын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, фондду Бишкектеги Ак-Өргө мечитинин имамы Юсуп Сайпиев негиздеди.
Фонд жер-жерлерге атайын урналарды орнотуп, акчалай жана материалдык жардам чогултат. Топтолгон каражат жана буюмдар негизинен алыскы чек ара аймактарындагы муктаж кишилерге таратылат. (SE)