Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Айдоочу айымга айыппул жазгандан соң кызматтан төмөндөгөн патрулдук башкармалык өкүлүнө байланыштуу жагдай иликтенет. Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Эркин Ирискулбеков бул боюнча комиссия түзүлөрүн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

20-мартта Бишкектин Манас жана Киев көчөлөрү кесилишкен жерде Патрулдук милиция өкүлү Эсен Кыргызбаев "жол эрежесин бузду" деген негизде BMW унаасын токтоткон. Рулдагы айым патрул кызматкери менен жаңжалдашып, чоң кызматтагы тааныштарына чалып, аны опузалаган видео интернетке чыккан.

Кенже сержант Кыргызбаев аял эреже бузуп, тартип сакчысына баш ийбегени үчүн айыппул жазганын билдирген. Бирок 28-мартта анын кызматтык даражасы түшүрүлгөнүн, жана башка ишке которулганын агасы Байыш Кыргызбаев "Азаттык" радиосуна айткан жана прокуратурага кайрыларын белгилеген.

Тактала элек кабарларга ылайык, жол эрежесин бузганы айтылган айым 29 жашта жана анын жолдошу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында иштейт. Бирок аталган мекеме муну тастыктаган жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызбаевдин кызматы төмөндөтүлбөгөнүн, жумуш орду гана алмашканын билдирди. Ал окуя боюнча документтерди толтурууда тийиштүү эрежелерди сактабаганы, маалыматты бурмалап, жетекчиликти чаташтырууга алып барганы айтылат. Андан тышкары, жол эрежесин бузганы айтылган айымдын машинесин унаа токтотуучу станцияга алып келген эмес, видеокаттоого албаган жана окуяны аягына чейин териштирбеген. Мындан улам анын иш ордун которуу чечими чыгарылган.

Жумушу алмашкан Кыргызбаев Жол патрул кызматында иштей берет, бирок унааларды текшерүүгө акысы болбойт.

Ички иштер министрлиги Кыргызбаевге байланыштуу жагдайга эч кайсыл аткаминер аралашпаганын бекемдейт. (SE\AB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG