Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Сот Сегизбаев менен Үсөновдүн мүлкүн камакка алууну колдогон жок


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетитинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун мүлкүн камакка алуу боюнча өтүнүчтү колдогон жок.

Сотко мындай өтүнүч менен "Ата Мекен" партиясынын катчылыгы 28-мартта кайрылган эле.

Доо арыз УКМК төрагасынын партиянын парламенттеги “үч депутаты - Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын Белиздеги офшордук компанияга тиешеси бар” деген сөзү жана ал кабарды президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү журналисттерге таратканы үчүн эл өкүлдөрүнүн ар намысын коргоо максатында берилген.

Партиянын юристи Канатбек Азиз "Азаттык" радиосуна төмөнкүчө маалымат берди:

- Калыбаев деген судья биздин жумушубузду карап, канааттандыруудан баш тартты. "Болбойт" деп аныктама чыгарып салып жатпайбы.

Судья Алмаз Калыбаев аныктама чыкканын бышыктады. Ал эми арызды кароо 11-апрелге белгиленгенин айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов партиянын сотко арыздануусун долулук катары сыпаттаган. (SE)

XS
SM
MD
LG