Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:43

Кыргызстанда 4-5-апрель күндөрү жамгыр аралаш кар жаап, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Жолдорго муз тоңуп, зымдарга жана дарактарга суу кар жармашат. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай кырдаал бүчүр байлаган мөмө бактар үчүн кооптуу.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

4-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-3, күндүз +3...+8,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз +2...+7,

Баткен облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +6...+11,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +7...+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүз жаан-чачын ыктымалдуулугу аз. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус болот.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG