Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Мадумаров: Парламент кезексиз жыйынга чогулушу керек


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун №47 абактын санитардык бөлүмүнө жатып калгандыгы боюнча кырдаалды Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп талкуулашы керектигин билдирди. Бул тууралуу Мадумаров маалымат жыйынында айтып, абалды көз карандысыз комиссия иликтеши керектигин кошумчалады.

Бүгүн “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы дагы Садыр Жапаровдун саламаттыгына байланыштуу Жогорку Кеңешти парламенттик көзөмөл жүргүзүүгө чакырды. Ал үчүн Стамбул протоколуна ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинен ведомстволор аралык дарыгерлердин комиссиясы түзүлүп, Жапаровдун алган жаракатын иликтеп чыгуу талабы коюлду.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилгени маалым болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, Садыр Жапаров өзү кан тамырларын кесип алган жана 47-колониянын санитардык бөлүмүндө анын жарааттары тигилген. Аталган кызмат Жапаровдун абалы жакшы экенин, адвокаттары кирип жолукканын, болгону камактагы жакындарын бошотууну суранганын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG