Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирди. Маалыматты атайын кызмат да бышыктады.
Башкы прокуратура Канат Исаевди 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда туугандык, кызматтык байланыштарын колдонуп жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган, бир катар коррупциялык иштерге жол берген деп айыптаган.
Исаев буга чейин ал иштерди четке кагып, өзүнүн таза экенин, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун айткан. (SE)