Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Колумбия: жер көчкү 40тан ашык өспүрүмдүн өмүрүн алды


Мокоа, Колумбия
Мокоа, Колумбия

Колумбияда 250дөн ашык адамдын өмүрүн алган сел жана жер көчкүдөн кийин издөө иштери жүрүп жатат. Курмандыктардын кеминде 44ү өспүрүмдөр экени аныкталды. Ишемби күнү өлкөнүн түштүк батышындагы Мокоа шаарына жакын жердеги дарыялар нугунан чыгып, эл уйкуда жатканда ондогон турак-жайды баткак суу каптаган.

Натыйжада бүтүндөй конуштар жер көчкүнүн алдында калып, куткаруучулар алигиче адам сөөктөрүн баткактын алдынан чыгара албай жатышат. Колумбияда мындай кырсык октябрь айынан бери үчүнчү жолу катталды. Президент Хуан Мануэль Сантос Мокоа аймагына бир түндө бир айлык жамгырдын үчтөн бири жааганын айтып, буга климаттын өзгөрүүсү себеп болгонун айтты. Кырсыктан эки жүздөн ашык адам жаракат алды.

Расмий маалымат боюнча, кырсыктан жабыркаган 500дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү. 1985-жылы Колумбиянын Армеро аймагында вулкандын атылуусунан жаралган жер көчкү 20 миңдей адамдын өмүрүн алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG