Москванын полициясы 2-апрелде кеминде 59 демонстрантты кармап, кийинчерээк алардын айрымдарын кое берди. Мындай камоолор шаардын бир нече аймагында катталды.
Жекшемби күнү интернеттеги демонстрацияга чыгуу чакырыктарынан кийин оппозициячыл көз караштагы ондогон адамдар Москванын бир катар райондоруна чогулушкан. Аларды көчөгө чыгууга ким үндөгөнү азырынча белгисиз. Полициянын демонстранттарга жасаган мамилесин каттоого алган "ОВД-инфо" сайты демонстранттардын арасында президент Путинди колдогон адамдар болгонун жазды.
Соңку камоолор оппозициячыл активист Алексей Навальный уюштурган коррупцияга каршы демонстрациялардан бир жума өткөндөн кийин орун алды. Навальный "полицияга баш ийбөө" беренеси боюнча өткөн аптада 15 күндүк абак жазасын алган.
Орус өкмөтү интернетте уруксат алынбаган акцияларга үндөдү деген жүйө менен бир нече адамды иликтөөгө алды. Буга чейин Орусияда демонстрацияга чакырган бир нече интернет баракчалар жабылган болчу.