Орусиянын маалымат каражаттары Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу болгонун кабарлап жатышат.
ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги мерт болгондор бар экенин жазып чыкты. РИА агенттигинин сайтына жарыяланган кадлар метродон түтүн чыгып жатканын, станциянын эшиги кыйрап калганын көрсөтүүдө.
Бул видео жана сүрөттөрдүн чын-бышыгы такталып жатат. Расмий өкүлдөр бул окуя боюнча үн ката элек.