Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:15

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын метросунда дүйшөмбүдө түш оой болгон жардыруудан кеминде он адам мерт болгону тастыкталды. Бул тууралуу шаар башчысынын басма сөз катчысы Андрей Кибитов "Россия-24" телеканалына билдирди. Кибитов Твиттердеги барагына жазгандай, жаракат алгандардын саны 50дөн ашты.

Санкт-Петербургда жүргөн президент Владимир Путин коопсуздук күчтөрү бул окуянын терроризмге байланышын иликтеп жатканын айтты.

"Курмандыктардын жакындарына чын жүрөктөн көңүл айткым келет. Атайын кызматтардын башчылары, анын ичинде ФСБнын директору менен сүйлөштүм. Коопсуздук күчтөрү жана атайын кызматтар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракетти көрүшөт",-деди Путин Петербургдагы маалымат жыйынында.

Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитети кабарлагандай, жергиликтүү саат боюнча 14:40та шаардагы "Технологический институт" жана "Сенная площадь" метро станцияларынын ортосундагы поездде жардыруу болгон.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары "Площадь Восстания" станциясында жарылбай калган бомба табылганын жазып чыгышты. Санкт-Петербургда метро түйүнү убактылуу жабылды.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жарылуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG