Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

Оппозициялык уюм кырдаалды талкуулоого чакырат


Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо комитети" билдирүү таратып, бийлик саясий кырдаалды курчутуп, "саясий туткундардын" саны көбөйүп жатканын билдирет. Комитет мүчөлөрү Кыргызстандын 25 жылдык эгемен тарыхында быйыл саясий негиз менен камакка алынгандардын саны 25ке жеткенин белгилейт.

"Саясий репрессия токтобой, күч алат деген коркунуч бар. Учурда 25 киши саясий негиз менен камакта отурушат. Жогорку Кеңештин депутаттары А.Шыкмаматов, А.Салянова жана башка жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылууда. "Азаттык" радиосу менен "Заноза" сайтынын банк эсептери камакка алынды. Журналисттердин жана адвокаттардын мүлкү камакка алынды" деп белгилеген оппозициялык кыймыл Садыр Жапаровдун окуясы өлкөдө башкача ойлонгон адамдардын коопсуздугуна кепилдик жоктугун ачыктады деп билдирет.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" маалымат каражаттарын, саясий партияларды, жаштар уюмдарын жана жалпы коомчулукту өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн "Туруктуулук. Тынчтык. Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" биригүүгө чакырган.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде Улуттук стратегиялык кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө акыркы төрт жылда өлкөдө саясий-экономикалык жактан өсүш болгонун белгилеген:

- Чыр-тополоң менен, жол жабуулар менен, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен, тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз.

Февраль айынын аягында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, камакка алынган. 25-мартта бул партиянын Оштогу координатору Абдылда Капаров менен Кыргызстанга кайтып келген мурунку депутат, оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров чек арадан кармалып камалган. Өткөн жылы "мамлекеттик бийликти басып алгысы келген" деп айыпталып кармалган "Элдик парламенттин" тогуз мүчөсү УКМКда камакта жатышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG