Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:46

АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер Иракка келди. Аны Пентагондун жогорку даражалуу генералы коштоп жүрөт.

Кушнерди АКШнын штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин жетекчиси генерал Жозеф Данфорд чакырганы белгилүү болду.

Расмий маалыматка ылайык, Кушнер Ирактагы кырдаалды өз көзү менен көрүүнү жана Ирак өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү каалаган.

Кушнер президенттин администрациясына кызматкерлерди тандоо ишине аралашып, Жакынкы Чыгыш, Канада жана Мексика менен алакалар боюнча президентке кеңеш берип келет.

Жаред Кушнер президент Трамптын улуу кызы Иванканын жолдошу. Ал президентке кеңешчи болгонго чейин өкмөттүк же дипломатиялык кызматтарда иштеген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG