Молдованын президенти Игорь Додон менен Евразиялык экономикалык биримдиктин жогорку расмий өкүлү Тигран Саркисян 3-апрелде кызматташтык меморандумуна Кишиневдо кол коюшту.
"Кол коюлган меморандум Чыгыш менен Батыштын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тең салмактайт",-деди Додон.
Ал бул меморандум эл аралык келишим болбогондуктан депутаттардын ратификациясына муктаж эместигин айтты.
Молдованын премьер-министри Павел Филип меморандумду сынга алып, бул кадам Евробиримдик менен жакындашуу аракеттерине шек келтирет деди.
Евразиялык экономикалык биримдикке Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирет.
Facebook шеринеси