Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Пакистан ооган качкындарын мекенине кайтарууну жандантты


Ооганстандык качкын аял балдары менен чогуу мекенине кайтар алдында. 3-апрель, Пешавар шаары, Пакистан.

Иш-чара БУУнун "качкындарды өз эрки менен мекенине кайтаруу" деп аталган программасынын алкагында ишке ашууда. Улуттар уюмунун расмий өкүлү бул программа боюнча 380 миң качкын мекенине кайтарыларын белгиледи. Качкындарды кайтаруу иши декабрь айында сууктун күчөшү менен убактылуу токтогон.

Улуттар уюмунун качкындар комиссариатынын өкүлү Дуния Аслам Хан "Азаттык" радиосунун кабарчысына иш 3-апрелде жанданганын маалымдады. Анын сөзү боюнча, Хайбер-Пахтунхва провинциясында 16 миң оогандык качкын жакынкы күндөрү мекенине кетүүнү күтүп жатышат. Аслам Хандын айтуусунда комиссариат каражаттын жетишсиздигинен улам, качкындардын ар бирине берилүүчү 400 долларлык грантты 200 долларга азайтууга аргасыз болууда.

Улуттар уюмунан белгилешкендей, качкындарга берилүүчү грант өткөн жылы алардын мекенине кайтуусуна "стимул" болуп берген. Бирок
Human Rights Watch уюму Пакистан тарап оогандык качкындарды мекенине кайтууга аргасыз кылуу үчүн коркутууларга жана башка мыйзамсыз кадамдарга барып жатат деп билдирген.

Улуттар уюмунун программасынын алкагында, 2002-жылдан бери 4 млн ашуун оогандык качкын мекенине кайтып келген. Дагы 1,5 млн чамалуу ооганстандык качкындар Пакистанда кала беришүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG