Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:16

4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын курултайы болот. Курултайдын делегаттары муфтий менен кошо жаңы Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын да шайлашат. Ошондой эле Аалымдар кеңешинин жаңы курамы үчүн да добуш беришет. Бул тууралуу учурдагы Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Курултайдын катышуучулары муфтийди бекитип берет деп күтүп жатабыз.

Муфтийлик орунга башында үч талапкер катталган болчу. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Ош, Баткен облустарынын мурдагы казысы Ниязаалы Арипов шайлоого катышуудан баш тартып, талапкерлигин алып салышкан. Учурда бир гана талапкер - азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев калды.

Аалымдар кеңешине 54 киши, ал эми Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сегиз киши талапкер болуп катталган.

Курултайга 250 делегат катышат. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар, хатибдер, казыяттын жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG