Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

ЕККУ Армениядагы парламенттик шайлоону сындады


Армениядагы шайлоо
Армениядагы шайлоо

Европадагы коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) Арменияда 2-апрелде өткөн парламенттик шайлоону сынга алып, добуш сатып алуулар орун алганы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бардыгын жана добуш берүүчүлөргө кысым жасалганын билдирди.

Уюм 3-апрелдеги билдирүүсүндө добуш берүүгө кийлигишүү элдин шайлоого болгон ишенимин азайтканын белгиледи. Андан сырткары шайлоо күнү мамлекеттик кызматкерлерден тарта жеке менчик компаниялардын жумушчуларына чейин басым болгондугун билдирди.

«Шайлоонун жүрүшүндө добуш сатып алуу, добуш берүүчүлөргө, мектеп жана ооруканалардагы мамлекеттик кызматкерлерге, ошондой эле жеке компаниялардын жумушчуларына кысым жасалгандыгы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар», - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыктары президент Серж Саргсяндын Республикачылар партиясы болжол менен добуштардын 50 пайызын алганын көрсөтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG