Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жалал-Абад облусунда көчкүгө байланыштуу кооптуу кырдаал жаралды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы көчкү коркунучу бар аймактагы жашоочуларды бүгүн тез арада коопсуз жерге чыгып туруусун суранат. Абал өтө кооптуу экенин мекеменин жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Базар-Коргондогу Могол айыл аймагынын Улачы участкасында бүгүн 50 миң метр кубду түзгөн жер көчүп, бир үйдүн жарымын басып калды. Дагы эки эки турак-жайга коркунуч жаралды. Сузак районунда эки жерде көчкү жүрүп, жолго түштү. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Жашоочулардан суранабыз, коопсуз аймактарга көчүп туруулары зарыл.

Адистердин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда 4-апрелге караган түнү жааган жамгыр бир айлык нормадан ашты. Көгарт, Кара-Үңкүр дарыяларында суу ташуу коркунучу жаралды. Адистер абалды көзөмөлдөп жатышат. Бүгүн да ушундай жаан-чачын болору эскертилүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG