Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Бишкектин бий ансамбли эл аралык сынакта жеңди


"Жаш канат" бий ансамбли
"Жаш канат" бий ансамбли

Бишкектин "Жаш канат" бий ансамбли балдар чыгармачылыгы боюнча Астанада өткөн эл аралык фестивалда баш байгени утуп алды.

Мэриянын Маданият башкармалыгы билдиргендей, "Ак көгершин" деп аталган фестивалды 24-28-мартта Астана акимчилиги уюштурду. Ага ар кайсыл мамлекеттерден миңден ашуун балдар катышып, бий, вокал, күү чертүү жана актердук чеберчиликтен күч сынашкан.

Бий багытында жеңген "Жаш канат" ансамбли "Сардал кыз" жана "Биз каракчыбыз" деген бийлерди аткарышты.

"Ак көгершин" фестивал он биринчи ирет өттү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG