Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

5-апрелге аба ырайы


Бишкек-Ош жолу. 4-апрелде жааган кар.
Бишкек-Ош жолу. 4-апрелде жааган кар.

Кыргызстанда 4-5-апрель күндөрү жамгыр аралаш кар жаап, айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Жолдор тайгалак болот. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай кырдаал бүчүр байлаган мөмө бактары үчүн кооптуу.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

5-апрелде Ош, Жалал-Абад жана Баткен жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн жамгыр аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз +2...+7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +4…+6 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG