"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын төртүнчү айлампасынын номинанттары аныкталды. Кинематография департаменти 4-апрелде тараткан кабарга ылайык, Kalikova Associates юридикалык компаниясы калыстардын добушун санап, жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар тизмеси түзүлдү:
I. «Мыкты фильм»:
1. «Атанын керээзи»;
2. «Мунабия»;
3. «План Б».
II. «Мыкты режиссер»:
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу («Атанын керээзи»);
2. Нурлан Абдыкадыров («Кыргыз-казак бир тууган»);
3. Таалайбек Кулмендеев («Мунабия»).
III. «Мыкты сценарий»:
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу («Атанын керээзи»);
2. Таалайбек Кулмендеев («Мунабия»);
3. Жеңиш Майрамбек уулу («План Б»).
IV. «Мыкты оператор»:
1. Акжол Бекболотов («Атанын керээзи»);
2. Сапар Койчуманов («Кыргыз-казак бир тууган»);
3. Марс Умаров («Мунабия»).
V. «Мыкты сүрөтчү»:
1. Урмат Осмоев («Атанын керээзи»);
2. Байыш Исманов («Кыргыз-казак бир тууган»);
3. Абылкасым Исмаилов («Мунабия»).
6. «Мыкты композитор»:
1. Мурзалы Жээнбаев («Кыргыз-казак бир тууган»);
2. Мурзалы Жээнбаев («Мунабия»);
3. Ролан Сейитбеков («План Б»).
VI. «Мыкты үн режиссеру»:
1. Керимбек Омуркожоев, Нурлан Разакулов («Атанын керээзи»);
2. Нурлан Разакулов («Кыргыз-казак бир тууган»);
3. Калыбек Шерниязов («Мунабия»).
VIII. «Мыкты монтаж»:
1. Актан Рыскелдиев («Атанын керээзи»);
2. Элдияр Мадаким («Мунабия»);
3. Элдияр Мадаким («План Б»).
IX. «Мыкты эркектин ролу»:
1. Иман Мукул («Атанын керээзи»);
2. Назым Мендебаиров («Мунабия»);
3. Назым Мендебаиров («Кыргыз-казак бир тууган»).
X. «Мыкты аялдын ролу»:
1. Айжан Аденова («План Б»);
2. Жамиля Сыдыкбаева – «Бажарики»;
3. Мээрим Атантаева («Мунабия»).
XI. «Мыкты даректүү тасма»:
1. «Жашыл жазда кыялдарым», реж. Аман Ажымат;
2. «Каратегинден кат», реж. Жаңыл Жусупжан;
3. «Рахмат, доктор», реж. Адилет Каржоев.
12. «Мыкты кыска метраждуу фильм»:
1. «Дүбүрт», реж. Бектурган Кундузбеков;
2. «Мелдеш», реж. Акыйкат Аскаров;
3. «Олжо», реж. Болсунбек Таалайбек уулу.
Жеңүүчүлөрдүн ысымы 14-апрелде Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде айтылат. Сынакты Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти биргеликте уюштурууда. (SE)