Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов президенттик шайлоого катышары жөнүндө айрым маалымат булактарында чыккан кабарды төгүндөдү. Бул боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берип, азыр мамлекет башчылыкка ат салышуу ниети жоктугун билдирди:
- Азыр менде андай каалоо жок. Журналисттер менден "талапкерлигиңизди коёсузбу?" деп сурашкан. Мен Кыргызстандын жараны катары талапкер болууга толук укугум бар экенин, бирок бул шайлоого катышам деген ойду түшүндүрбөйт деп айткам. Жарандык укугумду гана айткам. Журналисттер аны президенттикке талапкерлигин коёт деген өңүттө жазып койгон окшойт.
4-апрелде Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайы өткөн. Журналисттер Чубак ажы Жалиловго президенттик шайлоого байланыштуу суроону ошол жыйында узатышкан. (SE)