Тажик бийлиги орус тарап тажикстандык "Сомон Эйр" аба компаниясына карата чектөөлөрүн токтотпосо, 6-апрелден тарта орусиялык эки авиакомпаниянын Тажикстанга каттамдарына тыюу салаарын эскертти.
4-апрелде Орусиянын Транспорт министрлигине нота жөнөтүлгөнүн Тажикстандын Транспорт министрлигинин расмий өкүлү Ильхом Тохиров "Азаттыкка" кабарлады.
Орусия 31-мартта "Сомон Эйр" компаниясынын Дүйшөмбү менен Хоженттен Москвага багыт алган каттамдарына тыюу салган. Буга тажик бийлигинин орусиялык "Ямал" авиакомпаниясынын Москванын Жуковский аэропортунан Дүйшөмбү шаарына учуусуна уруксат бербегени себеп болгон.
Тажик тарап орус аба компанияларынын Тажикстанга каттамдары көбөйүп кеткенин жүйө кармап, бул жергиликтүү компанияларга залакасын тийгизерин билдирген.