Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

УКМК: "Росбалт" агенттигинин маалыматы туура эмес


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аталган агенттик туура эмес маалымат жазды деген билдирүүсүн 4-апрелде кечке жуук таратты.

Анда "Росбалт" агенттигине "Санкт-Петербургдагы жардырууну кыргызстандык адам жасаган" деп Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирди" деген маалымат туура эмес жана так эмес.

Коопсуздук кызматы Санкт-Петербургдагы жардырууну ФСБ иликтеп жатат, ал эми Кыргызстандын коопсуздук органы тарабынан ар тараптуу жардам берилип жатат" деп белгиленген.

УКМК кылмышка шектүү кишини аныктоо Орусиянын тиешелүү кызматтарынын иши экенин белгилеп, айрым интернет сайттарды жана басылмаларды мамлекеттик органга туура эмес шилтеме берип, коомчулукту жазгырбоого чакырган.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы метро поездин жардырган киши теги кыргызстандык Акбаржон Жалилов экени 4-апрелде расмий жарыяланган. Ага чейин "Росбалт" агенттиги "жардырууну теги кыргызстандык жаран жасаган" деген маалыматты Кыргызстандын УКМКна шилтеме берип, жазып чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG