Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Орусиянын чалгын кызматы америкалык бизнес-консультант Картер Пейжди президент Трампка кеңешчиси болордон эки жыл мурун өздөрүнө тыңчылыкка тартууга аракет кылган. Бул тууралуу ABC News телеканалы маалымдады. Анда айтылгандай, орусиялык чалгынчылар Пейжге Орусиядагы иш долбоорлоруна мүмкүн болушунча жеңилдик берип турушкан. Пейж телеканалдын маалыматтарын ырастады.

2015-жылы ФБР Пейжди Орусиянын тышкы чалгын кызматынын офицери, Нью-Йоркто Внешэкономбанкта иштеген Евгений Бирюков катышкан тыңчылык иш боюнча иликтөөнүн алкагында суракка алган. Тергөө менен кызматташканы үчүн Бирюков беш жылдын ордуна эки жарым жылга кесилген эле. Өткөн дем алыш күндөрү ал абактан бошоп, Орусияга депортацияны күтүүдө.

Бирюков менен Внешэкономбанктын иши жакында президент Трамптын жакын жардамчысы жана күйөө баласы Жаред Кушнердин бул банктын төрагасы, мурунку атайын кызматкер Сергей Горьков менен декабрда жолугушканы тууралуу маалыматтан кийин кайра жанданды. АКШ Внешэкономбанкка 2014-жылдан бери америкалык санкциялар киргизилгенин билдирет.

2016-жылы июлда Пейж Москвадагы Экономикалык мектепте АКШнын Орусияга карата саясатын кескин сындап сүйлөгөн. Ал Москвага Дональд Трамптын штабынын чабарманы катары эмес, турист болуп келген. ФБР Пейжди күнөөлөгөн эмес, ал өзү да ABC News телеканалына курган маегинде Орусиядан акча албаганын жана жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер менен талапкер Трамптын өкүлү катары жолугушпаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG