Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

БУУ Сирияда химиялык курал колдонуу ыктымалдыгын иликтейт



Сирия
Сирия

Улуттар уюмунун тергөөчүлөрү Сириянын Идлиб провинциясында химиялык курал колдонулуп, 58 киши өлдү деген маалыматтарды иликтөөнү баштады.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистура билдиргендей, бардыгы "бул абадан жасалган химиялык чабуул" деп айтышкан. 5-апрелде Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши бул окуяны талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулат.

АКШ президенти Дональд Трамп расмий билдирүү менен чыгып, чабуулду "кулак сыртынан кетирүүгө болбой турган" окуя катары сыпаттады. Ал Сирия президенти Башар Асаддын "пас аракети" үчүн өзүнөн мурунку президент Барак Обаманын администрациясын "алсыз жана чечкинсиз" деп күнөөлөдү.

АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон Орусия менен Иран Сириянын негизги өнөктөштөрү жана элдешүүнүн кепилдиктери да Идлибдеги чабуулга "чоң моралдык жоопкерчилик алышарын" билдирип, Москва менен Тегеранды мындай чабуулдар кайталанбасы үчүн аракеттенүүгө чакырды.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, 4-апрелде Хан Шейхун районундагы аба чабуулдарынан кийин ондогон адамдардын дем алуу органдары жабыркап, айрымдарынын оозунан көбүк чыкканы байкалган.

Активисттер аба соккуларын Сирия өкмөтүнүн же Орусиянын учактары жасашы мүмкүн деп билдиришти. Буга орус тарап жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG