Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Терактка шектүүнүн ата-энеси Орусияга жөнөп кетти


Акбаржон Жалиловдун социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөтү
Акбаржон Жалиловдун социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөтү

Санкт-Петербургдагы терактка тиешеси бар деп шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси 5-апрелге караган түнү Орусияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын туугандары билдиришти. Алардын айтымында, шектүүнүн атасында Орусиянын паспорту болгондуктан, Москванын чакыруусу менен кетишкен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маселени Орусиянын күч кызматтары иликтеп жатканын, тийиштүү маалыматтарды алардан алуу керектигин белгиледи.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы метро поездин жардырган киши теги кыргызстандык Акбаржон Жалилов экени 4-апрелде расмий жарыяланган.

Терактта соңку маалыматтар боюнча 14 адам каза таап, элүүдөй киши ооруканага түшкөн. (YI\SE)

XS
SM
MD
LG