Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Спикер терактка шектүү жөнүндө этияттап маалымат берүүгө чакырды


Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербургдагы терактты жасады деп шектелген жаран тууралуу кабар тараткан кыргызстандык маалымат каражаттарын сындады.

Бул тууралуу бүгүн парламентте «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты:

- Биздин Кыргызстандын айрым басылмалары, интернет сайттары ала качып эле "кыргызстандык" деп кыйкырып жатканда, Орусиянын "Биринчи каналы" "ортоазиялык" деп жалпылап айтып жатты. Ошондуктан, бул маселеде өтө этият болуу керек деп ойлойм.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терактка шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок орус жарандыгын алганын билдирген. Тышкы иштер министрлиги ал Кыргызстандан паспорт албаганын, кыргыз жараны болбогону тууралуу маалымат берген.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы метро поездин жардырган киши теги кыргызстандык Акбаржон Жалилов экенин Москва 4-апрелде расмий жарыяланган.

Терактта соңку маалыматтар боюнча 14 адам каза таап, элүүдөн ашык киши ооруканага түшкөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG