Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:57

Атамбаев июнда Орусияга мамлекеттик сапар менен барат


Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарына даярдык көрүлүп жатат.

Өлкө башчынын сапарын 2-апрелде Москвада тышкы иштер министри Эрлан Абдылбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Абдылдаев Москвага кыргыз-орус дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган эки күндүк иш сапар менен барган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Атамбаевдин Орусияга мамлекеттик сапары июнга белгиленген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG