Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:03

5-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйында "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алманбет Шыкмаматов камакта жаткан саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун абалынан кабар алууну сунуштады.

Жапаров өзүнө өзү кол салганын айтканы менен коомчулукта күмөн саноо бардыгын белгилеген Шыкмаматов аны депутаттар өз көзү менен көрүп келиши зарыл экенин айтты:

- Урматтуу Чыныбай Акунович, сиз өз укугуңуздан пайдаланып, керек болсо ар бир фракциядан бирден депутатты кошуп, омбудсменди алып кирип чыгалы. Ошондо бул маселеге чекит коюлат. Укугуңуздан пайдаланып, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жолугушуу уюштурууга тапшырма бериңиз. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысын чакырып, суроо берели. Бул дүрбөлөңдү жөнгө салалы.

Спикер Турсунбеков Садыр Жапаровдун маселесин парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап жатканын, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын билдирди.

Экс-депутат Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээн баштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыялаган.

№1 тергөө абагында жаткан Жапаровду 2-апрелде оор абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткиришкен. Анын мойну жана колундагы кан тамыры кесилгени аныкталган. Жапаров абалы жакшы экенин 4-апрелде билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG