Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 09:08

Бишкектеги "Сейтек" улуттук балдар борборунун "Жаш кыял" бий ансамбли Орусияда өткөн эл аралык сынакта жеңди. Бул тууралуу топтун башчысы Жаныбек Чылетиров "Азаттык" радиосуна билдирди.

26-30-март күндөрү Москвада болгон "Жылдызыңды жандыр" аттуу фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Беларус жана Украинадаy 57 команда катышкан.

Кыргызстандыктар фестивалда мыкты деп табылып, атайын статуэтка жана диплом менен кайтышты.

"Жаш кыял" бий ансамбли 1994-жылы түзүлгөн. Курамында төрт жаштан 17 жашка чейин бийчилер бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG