Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Чүйдө эки өспүрүм дайынсыз жоголду


Чүйдүн Москва районунда эки өспүрүм дайынсыз жоголду. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Беловодск айылында жашаган 14 жаштагы Ислам Куттубек уулу жана 11 жаштагы Байболот Мырзабаев изделүүдө.

Туугандарынын берген маалыматына ылайык, алар 2-апрелде түнкү саат он бирлерде үйдөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес.

Жоголгон балдар тууралуу маалыматы бар кишилер төмөнкү телефондорго чалса болот:

0312 43-01-27 - Чүй облустук ИИБ нөөмөт бөлүмү. 0312 60-77-27 - Москва райондук ИИБ нөөмөт бөлүмү.

Андан тышкары, уюлдук телефондор:

0550 22-17-17, 0 555 14-71-71, 0701 15-85-81, 0704 69-77-77. (SE)

XS
SM
MD
LG