АКШнын демократ жана республикачыл сенаторлорунан турган топ Беларус президенти Александр Лукашенкого кат жолдоп камалган демонстранттарды тез арада бошотууга чакырды.
Алар талаштуу салык эрежесине каршы чыккан беларус жарандарына жасалган мамилеге тынчсыздануусун билдиришти. 5-апрелде жарыяланган катка демократ сенаторлор Ричард Дурбин менен Жин Шахиин жана республикачылардан Марко Рубио менен Жон Маккейн кол коюшкан. Анда сенаторлор Беларустагы камоолор саясий максатты көздөйт деп белгилешкен.
Февраль-март айларында Беларустун бир катар шаарларында "бекерпоздор салыгы" деп аталган жобого каршы жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгып, алардын ондогондору камакка алынган. Президент Александр Лукашенко демонстрациялар үчүн Батышты айыптаган болчу.