Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймагындагы химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн аба соккуларынын курмандыктары 72ге жетти. Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы мерт болгондордун жарымын өспүрүмдөр жана аялдар түзөөрүн кабарлады.

Уюм 4-апрелде Хан Шейхун аймагында жасалган аба чабуулдарында химиялык заттар колдонулганын айтып, ал кандай зат экенин так билдирген жок. Бирок жергиликтүү дарыгерлер уулуу зарин заты колдонулушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Бул окуяны Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеш териштиргени турат.

АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү президент Башар Асаддын күчтөрүн айыптап чыгышты. Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар Орусия Сирия өкмөтүн колдоду. Орусиянын Коргоо министрлиги Сирия армиясынын соккулары көтөрүлүшчүлөр сактап турган химиялык куралдарга тийгенин, андан жергиликтүү тургундар ууланганын билдирди. Орусия 2015-жылдын сентябрь айынан бери Асаддын күчтөрүнө колдоо көрсөтүү максатында Сирияда аба операцияларын өткөрүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG