Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Трамп цивилизацияны коргоо үчүн ИМ тобун жок кылууга убада берди


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" террордук тобун союздаштары менен кошо жок кылууга убада берди:

- Биз "Ислам мамлекети" тобун түп тамыры менен жок кылабыз. Биз цивилизацияны сактап калабыз. Башка жол жок, - деди Трамп Иордания падышасы Абдалла Экинчи менен АКШдагы чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.

Президент Трамп Идлибдеги химиялык чабуулдан кийин Сириянын президенти Башар Асадга мамилеси өзгөргөнүн белгиледи. Анын сөзү боюнча, өкмөттүк аскерлер тарабынан ууландыруучу куралдын колдонулушу "бардык чектен өтүп кетти".

4-апрелде Сириянын оппозициясы Хан-Шейхун аймагында ондогон кишилер набыт болгонун билдиришкен. Жергиликтүү дарыгерлер абадан жасалган чабуул учурунда химиялык курал колдонулганын айтышкан. Козголоңчулар бул үчүн Сириянын өкмөттүк аскерлерин айыпташкан.
АКШ жана Европа өлкөлөрү буга президент Асаддын тиешеси бар деп айыпташууда. АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Никки Хейли эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши чара көрбөсө, Сирияга санкциялар киргизилерин ишара кылды.

Орусия 4-апрелде Сириянын өкмөттүк аскерлери ууландыруучу заттар сакталган кампаны бомбалаганын билдирген. Москванын көз карашы боюнча, бул заттарды Ирак менен Сирияга террорчулар алып келген.

XS
SM
MD
LG