Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:45

"Сапат" билим берүү мекемеси окуучулар үчүн сынак жарыялады


"Сапат" билим берүү мекемеси мектептин 6-классынын окуучулары үчүн дилбаяндар сынагын жарыялады.

"Кыргызстанды өзгөртө алган кыялым" деп аталган темадагы дилбаяндын жеңүүчүлөрү "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлеринде беш жыл акысыз окуу укугуна ээ болушат. Сынакка катышууну каалаган окуучулар дилбаяндарын 29-апрелге чейин "Сапат" лицейлерине тапшырышы керек. Дилбаян кыргыз жана орус тилдеринде кол жазма же электрондук түрдө жазылып, 500 сөздөн ашпоосу тийиш дешет уюштуруучулар.

Мурдагы кыргыз-түрк "Себат" билим берүү мекемесинин аты жакында "Сапат" болуп өзгөргөн. Аталган мекеменин курамында элүүдөн ашуун мектеп-лицейлер, бир университет бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG