Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамы дагы кийинкиге жылды


Дүйшөмбү аэропорту.
Дүйшөмбү аэропорту.

Өзбекстан Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамынын ишке ашпай калышын саясатташтырбоого чакырды.

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси Шокасым Шоисламов 4-апрелге белгиленген Ташкент-Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча ырааттуу каттамдын кайрадан ишке ашпай калышын «документтерге байланышкан айрым маселелер менен» түшүндүрдү.

Ал мында саясий өңүттүн жоктугун белгилеп, аба каттамынын ачылбай калышына билеттерди сатуудагы көйгөйлөр жана Ташкентте «Сомон Эйр» компаниясынын кеңселерин ачуунун создуктурулуп жатышы да себеп болгонун билдирди.

Шокасым Шоисламов өзбек тарап каттамдын ачылышына кызыкдар экенин айтып, бул маселеге саясий боек бербөөгө чакырды.

«Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын жетекчилиги ушул жуманын аягына чейин Дүйшөмбү-Ташкент каттамын ачуу үчүн тиешелүү документтер топтому даярдаларын билдирди. Эми бул багыт боюнча каттамдын 11-апрелде ишке ашырыла тургандыгы күтүлүүдө.

Тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, эки борборду бириктирген биринчи аба каттамы 20-февралда башталмак, бирок учууларды баштоо мөөнөтү улам кийинкиге жылдырылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG