Бишкекте үч күн мурда дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Асел Төрөбекованын сөөгү табылды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын сөөгүн 6-апрелде саат ондордо Чоң Чүй каналынан куткаруучулар алып чыгышкан. Денесинде киши колдуу болгонунун белгилери жок.
Асел Төрөбекова 3-апрелде күндүзгү 12ден өткөндө үйдөн мектепти көздөй кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. (SE)