Бишкекте 18-мартта Сөз эркиндигин коргогон жүрүштө кармалып, беш күнгө камалып чыккан активисттер алардын доо арызын караган сот отурумуна айрым күбөлөр киргизилбей жатканын билдиришти.
Бул тууралуу кармалгандар активисттер Азамат Аттокуров жана Мавлян Аскарбеков "Азаттык" радиосуна кабарлашты.
Алар мыйзамсыз камалышканын айтып, Свердлов райондук соту чыгарган чечимге каршы аппеляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.
5-апрелде активисттердин бири - Мухит Мамытовдун арызы каралып, мурунку сот чечими күчүндө калган. Ал отурумга күбөлөр кирген. Бүгүн, 6-апрелде Расул Умбеталиевдин жана Азамат Аттокуровду арызы каралып жатат.
"Күбөлөрдү милиция кызматкерлери жыйынга киргизбей жатат. Байкоочу катары да кире албадык", дешти активисттер.
Шаардык соттун басма сөз кызматы алдын ала белгиленген күбөлөр гана сураларын, эгер башында өздөрүн күбө эмес, байкоочу катары тааныштырса, отурумга кирүүгө уруксат берилерин билдирди. Ишти кароо мыйзам чегинде өтүп жатканын, күбө катары Эдил Байсалов чакырылганын кошумчалады.
Байсалов "Азаттык" радиосуна муну бышыктап, бирок башка активисттер байкоочу болуп да кире албаганын билдирди
18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит Мамытов кармалган.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып тагып, беш күнгө камалып чыгышкан. (SE)