Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөт башчы Ош аэропортунун абалы боюнча жыйын курат


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде жумуш сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапар алкагында Ош эл аралык аэропортундагы жаңы аэровокзалдык комплекстин ачылышына катышат. Аэропорттогу тейлөөнүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун сапатын көтөрүү боюнча жыйын өткөрөт.

Жүргүнчүлөр буга чейин аталган аэропортто тейлөө начардыгын жана коопсуздук чаралары талапка жооп бербей турганынан социалдык тармактарга көп жазышкан. Аэропорт жетекчилиги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым кемчиликтер бар экенин, ал оңдолорун билдерген.

Премьер-министр аэропорттон тышкары, Ош аймактык ветеринардык-диагностикалык борбордун ишмердиги менен таанышып, Араван-Ак-Буура каналындагы курулуш иштерин көрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG