Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Сербияда жаңы шайланган президентке каршы акциялар уланууда


 5-апрелде көбүнчө студенттерден турган демонстранттар Сербия парламентинин алдына чыгып, Вучич жекшемби күнкү шайлоону бурмалады деп айыпташты.
5-апрелде көбүнчө студенттерден турган демонстранттар Сербия парламентинин алдына чыгып, Вучич жекшемби күнкү шайлоону бурмалады деп айыпташты.

Белградда Александр Вучичтин президенттикке шайланышына нааразы болгондор митингдерин улантышууда. 5-апрелде көбүнчө студенттерден турган демонстранттар Сербия парламентинин алдына чыгып, Вучич жекшемби күнкү шайлоону бурмалады деп айыпташты.

Өлкөдө президенттин кызматы символикалык мааниге ээ, бирок Вучич башкаруудагы Прогрессивдүү партиясы аркылуу бийликти көзөмөлдөп турат деп күтүлүүдө.

Демонстранттар жаңы мамлекет башчыны автократ лидер катары сыпатташат, партиясын болсо коррупцияга аралашкан деп сындашууда. Ошол эле күнү студенттердин бир тобу шайлоо комиссиясынын, маалымат каражаттарын тескеген мекеменин жана мамлекеттик телеканалдын жетекчилигин отставкага кетирүү талабын социалдык тармактарга жайгаштырган. Жаштар ошондой эле спикер Майя Гойкович шайлоо кампаниясы учурунда парламент жыйынын бир жумага кечеңдетип, оппозициялык мыйзам чыгаруучуларга өз пикирлерин билдирүүгө тоскоолдук түздү деп, аны кызматтан кетүүгө чакырышты.

4-апрелде Вучич нааразылык чыгуулар тынч өтсө, аларга жолтоо болбосун айткан. “Биз демократиялык өлкөбүз, шайлоонун жыйынтыгын кубаттоо же нааразы болуу ар бир жарандын укугу” деген жаңы шайланган президент.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG