Талас шаарында 2010-жылдагы апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Бүгүн борбордук аянтка Апрель ыңкылабына катышкандар, курман болгондордун ата-энелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, шейит кеткендерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду.
Жетижыл мурунку бийликке каршы нааразылык толкундоолор Талас облусунан башталган. 2010-жылдын 6-апрелинде жергиликтүү тургундар облустун борборундагы аянтка чогулушкан. Күч органдары менен элдин ортосунда тирешүү чыгып, абал курчуп кеткен.
Курманбек Бакиевди тактыдан оодарган Апрель ыңкылабы учурунда токсонго жакын адам окко учкан. Анын 14тү Таластын тургундары. (AlS)