Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

АКШ Орусияны Асад менен алакасын кайра кароого үндөдү


Майк Пенс
Майк Пенс

АКШнын жогорку даражалуу расмийлери Орусияны Сириянын президенти Башар Асад менен мамилесин кайра карап чыгууга үндөштү. Вице-президент Майк Пенс бардык далилдер Сириядагы 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган химиялык чабуулдун артында Асаддын күчтөрү турганын көрсөтөт деп айтты.

Ал "Фокс Ньюс" каналына курган маегинде орус тарапты Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу боюнча сөзүнө турууга чакырды. Ошондой эле 2013-жылы химиялык куралга тыюу салган келишимдин сакталышын көзөмөлдөөдө мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы кемчиликтерди кетиргенин белгиледи. Ал тапта АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да Сириядагы чабуул боюнча Орусияга кайрылды.

"Башар Асаддын башкаруусундагы Сирия режими үрөй учурган бул чабуулга жооптуу экенинде бизде күмөн жок. Орусия Асаддын режимине көрсөткөн колдоосун этият карап көрүүгө убакыт келди деп ойлойбуз", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Орусия 4-апрелде Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Хан-Шейхун аймагында орун алган талаштуу чабуул боюнча козголоңчул топторду айыптап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Сирия армиясынын соккулары көтөрүлүшчүлөрдүн химиялык куралдар сакталган кампасына тийгенин, андан чыккан газ жергиликтүү тургундарды ууландырганын билдирген.

XS
SM
MD
LG