Yahoo интернет порталындагы электрондук даректерди бузуп кирүү боюнча айыпталып жаткандардын бири - теги казакстандык Карим Баратов Канада сотуна кайрылып, аны күрөөгө кое берүүнү өтүнгөн. Бирок прокуратура орусиялык атайын кызматтар менен байланышып турган деп шектелген Баратов качып кетиши мүмкүн деп, арызын канааттандырган жок. Адвокаттары ата-энеси кепилдик берүүгө даярдыгын билдиришкенин айтышты. Атасы сотко кайрылып, керек болсо үйдөгү интернетти өчүрүп салаарын убада кылды.
22 жаштагы Баратов 2014-жылы интернет бизнес жүргүзө баштаганын, веб-сайттарды каттоо, серверлерди коргоо өңдүү кызматтары үчүн 81 миңдей доллар тапканын айтты. Бирок прокуратура ал Орусиянын Чалгындоо кызматы – ФСБнин эки агенти тарабынан жалданган деп санайт. Экөө тең бул кибер чабуул боюнча айыпталууда. 2007-жылы Канадага көчүп кеткен Баратов 2011-жылы ал өлкөнүн жарандыгын алган. Өткөн айда кармалып, эми АКШга өткөрүлүшү мүмкүн.