Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Чек ара кызматы өзбек аскерине байланыштуу жагдайга түшүндүрмө берди


Архив.
Архив.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы "өлкө аймагына куралчан кирип келди" деп айтылган Өзбекстандын аскерине байланыштуу жагдайга түшүндүрмө берди.

Мурдараак социалдык тармактарда куралчан өзбек аскери тартылган тасма тараган. Интернет колдонуучулар ал Баткендин Таян айылында ээн-эркин жүргөнүн, аны видеого тартып жаткандарга куралын көрсөтүп коркутканын жазышкан.

Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү 6-апрелде тараткан билдирүүдө айтылгандай, окуя 27-мартта болгон. Маалыматка караганда, жоокер Баткен районунун Согмент айыл аймагындагы такталбаган жерде жүргөн.

Ошол эле күнү кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү жолугуп, маселени талкуулаган. Жыйынтыгында, кыргыз жана өзбек аскерлери бул аймакта өз алдынча патрулдук көзөмөл жүргүзбөшү керек деп макулдашкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG