Европа парламенти Еврошаркет өлкөлөрү менен Украина ортосунда виза режимин алып салуу сунушун колдоого алды. "Украинская правда" гезити кабарлагандай, Украинаны виза талап кылынбаган үчүнчү өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү депутаттардын көбү колдоду. Эми бул чечимди уюмдун дагы бир мыйзам чыгаруучу органы – Евробиримдиктин кеңеши жактырууга тийиш. Украина менен визасыз режим июндун башында күчкө кириши мүмкүн:
- Эң жакынкы аралыкта биометрикалык паспорттору бар украин жарандары Шенген зонасына 90 күнгө чейин визасыз бара алышат. Биз Украина жана украин жарандары, коңшу өлкөлөр жана Евробиримдик үчүн маанилүү учурга жакындаганыбызга кубанам, - деди шаркеттин юстиция, гендердик теңдик маселелер боюнча комиссары Вера Юрова.