Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Батыш өлкөлөрү Сирия резолюциясын кабыл алуу аракетин улантат


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 5-апрель, 2017-жыл
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 5-апрель, 2017-жыл

Британия менен Франция химиялык курал колдонулган деп шектелип жаткан Сириядагы чабуулду айыптаган резолюцияны кабыл алууга багытталган аракеттерди улантышарын билдиришти.

6-апрелде Сараеводо сүйлөгөн Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон "кылмыш үчүн жооптуу режимди айыптаган документке Коопсуздук кеңешинин кайсы бир мүчөсү кол коюудан кантип баш тартып коет, мен муну түшүнө албайм", - деди.

Ал эми француз тышкы иштер министри Жан-Марк Эро жаңы резолюцияны кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, резолюция сунуш кылган сайын Орусия, айрым кездерде Кытай вето коюп келет.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бейшембиде күндөлүк брифингде Сириядагы чабуул боюнча буларды айтты:

- Азыркыдай терең пикир келишпестик Орусия менен АКШнын мамилелерин акыркы жылдары дайыма коштоп келет. Сириядагы кырдаал жана ага алып келген себептерге баа берүүдөгү пикир келишпестик эки тараптуу мамилелердин мүнөзүн олуттуу өзгөртөт деп ойлобойм.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Орусияны Асад режими менен алакаларын кайра карап чыгууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG