Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" маалымдады:
- Апрель элдик революциясы күнүнө карата милиция кызматкерлери 6-апрелден тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ар кандай окуялардын алдын алуу үчүн милициянын ыкчам штабы түзүлдү.
Милиция кызматкерлеринин көзөмөлү эл көп топтолуучу жайларда, майрамдык салтанат өтүүчү жерлерде, маанилүү стратегиялык объектилерде күчөтүлөт. Эл арбын чогулуучу жерлерге кошумча күчтөр тартылат. Андай жерлер милиция кызматкерлери менен тосмолонуп, ичкериге өткөрүү атайын белгиленген түйүндөрдө гана жүргүзүлөт.
Майрам күнү Бишкекте автоунаа кыймылына да чектөө киргизилет. Ала-Тоо аянтын курчаган Фрунзе, Чүй жана Киев көчөлөрү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жабык болот.
Апрель революциясы күнүнө карата өлкөнүн аймактарында да милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. ИИМдин буйругу менен бардык облустарда тең тартип сакчылары 6-апрелден тарта күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Милиция кызматкерлерине тартип көзөмөлдөөгө Элдик кошуундун мүчөлөрү да көмөктөшөт.
Апрель революциясы бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында, облустук, райондук борборлордо жана шаарларда белгиленет.(ZKo)